super.kg logo
  Саясат  

Илим, билим жаатындагы эл аралык кызматташтык жанданат

 

16-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги арасындагы «Орто Азиядагы билим берүү тармагын изилдөө-3» программасы боюнча каржылык келишимди жактыруу боюнча долбоор каралып, жактырылды. Бул багытта Улуттук илимдер академиясынын академиги, «Орто Азиядагы билим берүү тармагын изилдөө-3» программасынын аймактык координатору Аскар Кутанов баяндама жасап, аталган долбоордун 2-фазасына Кыргыз Республикасы, Казакстан, Түркмөнстан менен Тажикстан мамлекеттери катышкандыгын билдирди. Анын айтымында, ушул иш-аракеттердин баарын жөнгө салып турган эл аралык түйүндүн борбору Бишкек шаарында жайгашкан. "Тажикстан менен Түркмөнстан бул программаны улантуу чечимин кабыл алышты. Кыргыз мамлекети дагы бул идеядан баш тартпашы керек”,- дейт Кутанов.

"Билим берүү тармагын, телемедицина багытын, ошондой эле илим жаатындагы иштерди колдоого арналган аталган эл аралык долбоордун алкагындагы иштердин бир топ үзүрү көрүнүп калды",- деген Аскар Кутанов жер кыртышын, мөңгүлөрдү изилдөө шартында аткарылып жаткан иштерди да санап өттү.

"Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги арасындагы «Орто Азиядагы билим берүү тармагын изилдөө-3» программасы боюнча Бишкек шаарындагы №2-мектепте ишке ашырылып жаткан саамалыктар жакшы жышаан",- деп билдирди депутат Наталья Никитенко. Ошондой эле ал бул долбоорго катышып жаткан объектилерди кыдырып чыгуу сунушун көтөрдү. Муну жалпы комитет мүчөлөрү колдошту.

Талкуу соңунда аталган программа боюнча каржылык келишимди комитет колдоп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: