Чүй облусунда дене тарбия мугалими "3-класстын эки окуучусун зордуктоого аракет кылды" деп шектелүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде дене тарбия мугалими "3-класста окуган эки кызды зордуктоого аракет кылды" деп шектелүүдө. Бул тууралуу 17-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-ноябрда 1981-жылы туулган Л.Д. аттуу жаран Ысык-Ата РИИБине кайрылып, 1953-жылы туулган И.К. аттуу дене тарбия мугалими 10-ноябрда анын 3-класста окуган кызын зордуктоого аракет кылганын билдирген. Ушул эле күнү 1984-жылы туулган И.Ф. аттуу жаран дагы кайрылып, ошол эле 3-класста окуган кызын дене тарбия мугалими зордуктоого аракет кылганын айткан.
Учурда бул фактылар боюнча кыздарга жана мугалимге соттук-медициналык жана психикалык экспертиза дайындалды. Чүй ОИИББинин жетекчилиги бул фактыны өзгөчө көзөмөлгө алды.



Не дешти да билбейсиң.
Качан кана кызды зордуктап,олтуруп таштап салганда ишениш керекпи?Кылбаган нерсени кылды деп баласын ким ортого салсын,кимге кызык.Ким баласын ошондой нерсеге жалаа жаап корсоткусу келсин?...