super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр өлкөдөгү көлмөлөрдө баалуу балыктарды көбөйтүү зарылдыгын айтты

 

Вице-премьер-министр Олег Панкратов "Тоң балык багуу" заводунун директору Айбек Чыныбаев менен жолугушууда ири жана чакан көлмөлөрдө баалуу балыктарды көбөйтүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу 17-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ишкананын директору багылып жаткан балыкты көбөйтүү жана өндүрүштү кеңейтүү боюнча инвесторлорду издеп жатканын белгилеп: "Ишкердикти өнүктүрүп, кирешелүү кыла турган планыбыз даяр. Ага ылайык инвесторду да таптык, бирок завод мамлекеттик болгондуктан, инвестор менен укуктук негиздерди аныктап алышыбыз керек болуп жатат",- деди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: "Жеке менчик балык чарбасы менен алектенгендер көбөйүп жаткандыктан, балык өстүрүүнүн көлөмү да көбөйдү. Муну менен катар өлкөдөгү ири жана чакан көлмөлөрдө баалуу балыктардын санын көбөйтүү зарыл. Бул "Тоң балык багуу" заводунун долбоору экенин эске алып, колдоп бериш керек",- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: