Жогорку Кеңеш: Жүк ташуучу унаалардан салыктык төлөмдү талап кылуу үчүн Салык кызматына укук берүүчү мыйзам долбоору 2-окуунун режимине кайтарылды
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КРнын Салык кодексине)" КРнын мыйзамынын долбоорун 3-окууда алып чыкты.
Мыйзам долбоорунун максаты катары салык төлөбөй жүк ташып жаткан унааларды текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүү экени белгиленди.
Талкууда азыркы каржы министри Адылбек Касымалиев учурунда Экономика министри болуп турганда юридикалык ишкана түзүп, жүк ташыган ишканалардан келген кайрылуу мыйзам долбоорун демилгелөөгө себеп болгонун айтты. Анын айтымында, кайрылууда эч кандай салыктык төлөмдөрдү төлөбөй эле иш алып барган жеке жүк ташуучулардын аракетинен улам жүк ташыган юридикалык ишканалар мындай атаандаштыкка туруштук бере албай жаткандыгы айтылган. Мындан сырткары мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен ыктыярдуу патенттин көлөмү кыйла жогорулаары болжолдонууда.
Комитет мүчөлөрү азыркы тапта дагы Жол-кайгуул кызматы, Салык кызматы же Транспорт министрлиги биргеликте жалпы рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтышып, "Мыйзам долбоорунун канчалык зарылдыгы бар?" деген суроону коюшту. Салык кызматынын статс-катчысы Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери унааларды токтотуп бергенде, көптөгөн айдоочулар "Салык кызматынын укугу жок" деген таризде салыктык төлөмдөр боюнча документ көрсөтүүдөн баш тартып жатышкандыгын айтып, буга мыйзамдык укук керек экенин билдирди. Эл өкүлдөрү мындай жагдайда каалаган унаа токтотулуп, жарандарга кыйынчылык жараларын, коррупциялык жагдайлар орун аларын белгилеп, "маселени чечүүнүн башка жолдорун издөө керек" деген пикирлерди ортого салышты.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун дыкат иликтеп чыгуу үчүн 2-окуунун режимине кайтаруу чечими кабыл алынды.


