super.kg logo

Бишкектеги таштанды төгүүчү жайда иттерине тамак терип жүргөн адамды сабоо боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкек шаарындагы таштанды төгүүчү жайда Алтын-Казык конушунун тургунун сабоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда шаардык кеңештин жыйынында Свердлов райондук милициясынын жетекчилигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, Свердлов райондук соту шектүү делген 3 жаранга өлкөдөн башка жакка чыкпоо боюнча чараны кабыл алды. Ал эми 20-ноябрда соттук экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, иликтөө иштери уланары айтылды.

Айта кетсек, бүгүн БШКнын жыйынына Алтын-Казык конушунун жашоочулары келип, алардын жанында жайгашкан таштанды полигонундагы мыйзам бузуу фактылары катталып жатканына арызданышкан. Конуштун активисти Булбул Маматкадырова шаардык кеңештин депутаттарына кайрылып: “Жакында Өмүрбек аттуу жергиликтүү тургунубуз иттерине нан терип жүргөн жеринен полигондо иш алып барган жеке компаниянын Замира аттуу өкүлү өз адамдары менен аны сабап, велосипедин сындырып кеткен”,- деп билдирген.

"Ал аял "полигонду 6 миң сомго сатып алгам" деп, аталган жерден майда-чүйдөлөрдү чогулткан жергиликтүү тургундарды айына 1,5 миң сомдон төлөтүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары алардан паспортторду талап кылат",- деген нааразычылыгын айтты Маматкадырова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
18.11.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Замира свалка Королевасы го ээ
18.11.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таштанды жайды да кызгана берсек а эмнеле болуп баратат кыргыздар тооба ээ бул кетиште эртен туалеттеги ХХХ кызганып бири бирин сабайт эми
Модератор admin_portal түзөттү 2015-11-18 16:45:27
18.11.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ediko85 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактасаңыз.
18.11.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал таштадыдан недеген акча иштетишет билбейсинарби? Таштандыларды сатып алып иштетет деп уккам. Алда болсо женил акча тапкандар учунда, мисалы эшек союп саткандарга окшош. Алардын созу менен айтканда бизнес.
18.11.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким баягы эшекчи бизнесмен ошояка отконго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: