super.kg logo
  Саясат  

Данияр Нарымбаев боюнча сот отуруму жылды, өкүм 25-ноябрда чыгат

 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталышкан Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов боюнча соттук отурум 25-ноябрга жылдырылды. Адвокаттар менен сот кызматкерлери отурумдун артка жылышынын себебин айтпай жатышат. Судьянын жардамчысы SUPER.KG`ге Нарымбаев ооруп калып, сотко келе албаганын билдирди. Буга чейин сот өкүмү 18-ноябрда чыгары айтылган, бүгүн райондук соттун өкүмү 25-ноябрда чыгары маалымдалды.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: