Ошто кайрадан жер титиреди

Бүгүн, 18-ноябрда Ош облусунун аймагында кайрадан жер титирөө катталды. Жер титирөө саат 21:00 чамасында катталды. Силкинүүнүн күчү Ош шаарында жана ага жакын жайгашкан райондордо даана сезилгенин окурмандар SUPER.KG порталына байланышка чыгып билдиришүүдө. Байланышка чыккан окурмандар "жер титирөөнүн күчү 3-4 баллга жетти" деп болжолдошууда.
Азырынча Сейсмология институту жер титирөө очогу кайдан чыкканын жана канча баллга жеткенин маалымдай элек.
Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагында 17-ноябрда очогунда 7 баллга, бүгүн 4 баллга жеткен жер силкинүү катталып, 50гө чукул үйдүн дубалдарынан жарака кетип, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылында эле 6 үй жарым-жартылай кыйроого учураганы аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

калкым,
жер жаткан жокпу титиреп
деп аалы аке ырдады беле