super.kg logo
  Саясат  

Улан Примов: "Тоолуу райондордогу мамлекеттик кызматкерлердин маянасы боюнча маселени тез арада чечип бербесек, бул социалдык чыңалууга алып келет"

 

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов өлкөнүн тоолуу райондорундагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына байланышкан көйгөйгө токтолду. Примов өкмөт тоолуу райондордогу кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 12 миң сом деп келгени туура эмес экенин айтты.
"Улуттук статистика комитетинде Чаткал, Ала-Бука райондорундагы кызматкерлердин маянасы орточо эсеп менен 12 миң деп көрсөтүлүп жатат. Бул туура эмес, 6 миң сом маяна алышат. Бул жерде өкмөт ошол аймакта иш алып барып жаткан чет элдик ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысы менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын салыштырып жыйынтык чыгарыптыр. Бул жергиликтүү бийликтин да шалаакылыгы. Ошондуктан маянаны тез арада кайра карап чыгууну сунуш кылам. Мисалы, Жети-Өгүз районунда "Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери менен мамлекеттик жумушчулардын айлыгы эки башка көрсөтүлгөндүктөн, эч кандай көйгөй жок"
,- деди Примов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: