super.kg logo
  Саясат  

Быйыл бүт булактардан алынган мамлекеттик инвестициялардын бюджеттик каржылоосу 26 миллиард сомдон ашты

 

2015-жылы бүт булактардан алынган мамлекеттик инвестициялардын бюджеттик каржылоосу 26 миллиард 383,7 миллион сомду түзөт. Муну бүгүн, 19-ноябрдагы маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди. Анын айтымында, зайымдардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоонун үлүшү 25 миллиард 759,1 миллион сомду же каржылоонун жалпы суммасынын 97,6 пайызын түзөт. Ал эми долбоорлорду кошо каржылоого бул сумманын 2,4 пайызы жумшалат.

"Ушул тапта экономиканын ар кыл секторлорунда, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт, айыл чарба жана энергетика тармактарында, 68 мамлекеттик инвестициялар долбоору ишке ашырылып жатат.

Ошондой эле 2015-жылы бюджетти колдоого программалык гранттардын жана насыялардын алкагында эл аралык каржы институтунан 160,4 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражатты тартып келүү пландалууда. Бул сумманын 57,6 миллион доллары – насыялык жардам, 102,8 миллион доллары – гранттык жардам.

2015-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин бюджетти колдоого 137,1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат келип түштү, анын 41,2 миллион доллары – насыя, 95,9 миллион доллары – грант",- деди Байгончоков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: