"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары бир күндүк маянасын Ош облусунда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга которуп беришет
Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары бир күндүк эмгек акысын 17-ноябрда Ош облусунда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга которуп беришет. Фракция мүчөлөрү мындай чечимди 20-ноябрдагы отурумунда кабыл алышты.
Бул демилгени фракция лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештеги башка фракцияларга да сунуш кылышарын айтты. "Кыш жакындап калганда табигый кырсыктын болушу элге кыйынчылык жаратты. Ошон үчүн биз элге жардам беришибиз керек. Бул демилгени башка фракцияларга, өкмөт мүчөлөрүнө жана жарандык коомго сунуштайбыз",- деди Төрөбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

