super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр милиционерди аткандарды тез арада кармоону жана №1-тергөө абагында өз жанын кыйган Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

 

Бүгүн, 20-ноябрда Темир Сариев ички иштер министри Мелис Турганбаевге Бишкек шаарында милициянын аймактык тескөөчүсүн атып кеткендерди тез арада аныктап, кармоону жана өлкөдөгү курал-жарактар боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев борбор калаанын 8-кичи районундагы милициянын аймактык тескөөчүсүнүн өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Бул иш ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынды.

Ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловго Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагында өз жанын кыйган №50-тергөө абагынын мурдагы башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: