super.kg logo

Өлкөдө балдарга карата болгон зордук-зомбулуктардын 90 пайызы жакын туугандары тарабынан жасалат

 

Өлкөдө балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктардын 90 пайызы жакын туугандары тарабынан ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, балдарды зордуктоо фактылары жашоонун кыйын кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөрдө көп болууда.

«Зомбулукка учураган жаш балдардын 10 пайызы гана көчөдө белгисиз адамдар тарабынан кыйноого алынган. Ал эми басымдуу бөлүгү өз атасы, таякеси, агасы жана башка жакын туугандары тарабынан кордолгону бизди өтө өкүндүрөт. Тилекке каршы, мындай фактылар буга чейин деле болуп келген, бул жаңы пайда болгон зөөкүрчүлүк эмес. Буга чейин ал коомчулуктан жашырылып келген.

Кылмышка барардын алдында адам баласы коркуш керек. Ошондуктан балдарга карата зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүү зарыл. Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Кылмыш жана жаза кодексине ушундай сунуштарды киргизебиз»,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.11.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
киргизиш керек айтыш керек Темир Сариев ушул мыйзамды колдоп бер.Келечекте коп наристелер аман калат педиктер олуп жок болсо алар жашоого татыктуу эмес алардын орду тозокто.Тууганыбы кимиси болсо да олум
21.11.2015. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охх акыры ушул койгойду козгогон адам чыкты тез арада киргизуу керек олум жазасынын жоктугунан ойго келбеген тушко кирбеген зордук зомбулукту коруп нечендеген наристелер запкы коруп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: