super.kg logo
  Саясат  

Базар-Коргондун акими: "Кол алдындагы кызматкерин аткан Тарыхчиевдин ордуна эч ким дайындала элек"

 

Кол алдындагы кызматкерин тапанча менен аткан Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиевдин ордуна эч ким дайындала элек. Аталган райондун акими Таалай Долдоев бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG`ге билдиргендей, анын ордуна азырынча бир да талапкер сунуштала элек.
"Окуя боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими чыга элек. Мен аталган кызматка бул чөлкөмдөн эмес, башка аймактан кадр алып келип дайындоону сунуштагам. Анткени Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүндөгү абал жакшы эмес",- деди аким.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Эмилбек Тарыхчиев кол алдындагы кызматкерине ок чыгарган. Кызматкер башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылып, бирок милицияга арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Мындан кийин Тайырбек Сарпашев жетектеген Мамлекеттик каттоо кызматында атайын комиссия түзүлүп, окуяны иликтөөгө киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: