super.kg logo

Бишкекте өлтүрүлгөн 26 жаштагы милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин сөөгү бүгүн туулган жерине коюлат

 

Бүгүн, 21-ноябрда милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин сөөгү туулган жерине коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун кесиптештери билдиришти.

Алардын айтымдарында, жерге берүү зыйнаты бүгүн түштөн кийин өткөрүлмөкчү. "Актилек үй-бүлөдө улуу бала болгон. Артында ата-энеси, карындашы жана иниси калды. Ал ишти аягына чыгара турган, абдан жакшы жигит эле. Актилек Оштогу милиция кызматында иштеп жүргөндө оор кылмыштардын бетин ачкан. Кийин кызматтан көтөрүлүп, Бишкекке жөнөтүлгөн",- дешти Актилектин кесиптештери.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги Абдубалиевдин жакындарына акчалай жардам көрсөтмөкчү. Ал эми аны өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.

ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
21.11.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаткан жери жайлуу болсун! Туугандарына сабыр берсин Аллахым.
21.11.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашка суу каерде болду экен Аксынын
21.11.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Serenada, детский лагерь,пансионаты бар,Падыша Ата деген жер
21.11.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
21.11.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай таза мээнет менен иштегендерди эч качан коро алышпайтго дейм менимче жогорудан болгонда ээ туугандар приказ.
aruusham түзөттү 21.11.2015 10:56
21.11.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх... Кыргыз эли дагы бир эр журок азаматынан айрылды, жакындарына сабыр берсин.
21.11.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудаа рахмат кылсын. Службанын устунан кетти. Жаш жигит.
21.11.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оор кылмыштын бетин ачкан дейт, кылмышкерлер ошол оор кылмыш кылгандар же жакындарынан болуп журбосун. Кызык, велосипед менен да качабы?
21.11.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жери жайлуу болсун
21.11.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун эмне дейбиз башка. Жаш кетиптир.
21.11.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун. Кызык экинчи жанындагы эмне кылып атты экен аны атып атканда,велосипед менен качып кетти дегени кызык го.
21.11.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жердешим экен да жаткан жери жайлуу болсун. Ата-энесине сабыр берсин кудайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: