super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер жер титирөөдөн жапа чеккендерге жаңы үй салуу үчүн 200 миң сом аздык кыларын айтты

 

Бүгүн, 21-ноябрда вице-спикер Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тобу Ош облусуна барып, жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалы менен таанышканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун берген маалыматына караганда, жер титирөөдөн 4 миӊден ашуун үй жабыркаган. Ушул тапта 3925 турак жай жана 5 социалдык объект изилденип чыгып, алардын бузулуу деңгээли аныкталды. Юсупов турак жайлары жараксыз абалга келген адамдарга жаңы үй салуу үчүн өкмөт тарабынан 200 миң сомдук тастыктамалар тапшырыла турганын кошумчалады.

Вице-спикер Нурбек Алимбеков жаңы үй салуу үчүн 200 миң сом аздык кыларын баса белгиледи. "Менимче, 200 миң сом жетишсиз, өкмөт анын өлчөмүн көбөйтүү маселесин тезинен чечиши керек. Ошондой эле турак жайы бузулган жергиликтүү тургундардын кыштап чыгуусу үчүн ичи жылууланган контейнерлердин санын 500гө чейин жеткирүү зарыл",- деди ал.

Алимбеков жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдарга жардам берүү фондуна Жогорку Кеңештин атынан материалдык жардам тапшырды. Ал атайын фондго бардык парламенттик фракциялар да өз салымдарын кошо турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: