super.kg logo

Милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин сөөгү жерге берилди. Артында ата-энеси, карындашы жана иниси калды

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айылында милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Актилектин туугандары, жакындары, кесиптештери, достору, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жердештери билдиришти.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги Абдубалиевдин жакындарына акчалай жардам көрсөтмөкчү. Ал эми аны өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.

ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
21.11.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
1'000'000 үйбүлөсүнө бергиле. Жок дегенде жардам болсун.
21.11.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Rifle_2, миллионду беришпейт, бул ИИМдин сооротуучу ыкмасы. Качан эле бизде миллион сомду ме деп кармата койчу эле.
21.11.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жаткан жери жайлуу болсун
21.11.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жери жайлуу болсун.
21.11.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш еле кетиптир ата енесине да кыйын еми.жок дегенде артында туйак калса жакшы болмок
21.11.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
милициялар, аскер кызматкерлери ж.б куч тузумдору жумушка орношкондо ант берип киришет демек Кыргызстанда дагын Россияга окшоп эгерде жумуш учурунда каза болушса балдарына 18 жашка ч-н тоолук айлыгын толоп бериш керек.Бирок бизде каза болгон кызматкердин уй-булосун бат эле унутуп коюшат.
21.11.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KGstan81,Ошондой болсо кана жакшы болот эле,бирок Мамлекетибиз андан бер жагыны кылып алсынчы,жер тербеседа Россиядан жардам сурап отурушат уят просто уят,ошончо креслодо балпайып отурган депутат министрлерден ашпай турган нерселерди да Россиядан суранып эле келе жатат ,качан токтот сурангандарын уят болуп буттук!
21.11.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айткандай Жаткан жери жайлуу болсун Оомийн.
21.11.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх чиркин дуйно кээ бир адам оз ажалы менен кээ бир адам ушинтип кылмышкерлердин колунан олуп калып жатат жаткан жерин жайлуу болсун Тилек,бул баланы таанычуумун тамашакой ак конул бала эле.
21.11.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кырчындай эле убагын,
Тартышсын сенин убалын,
Кайышып сыздайт , журогум,
Нааразы болуп турамын.
Кыргызстан деп берилип,
Иштегендер калабы ???
Кылмышкер деген наадандар,
Деги жазасын алабы ?!
Жанын тиштеп тишине ,
Берилет кимдер ишине?
Кыйып койду омурун
Канкорлор тушуп изине .
22.11.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арты кайырлуу болсун!!!
22.11.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Миллиондон беребиз деп жаман уйронушту го булар,оздору издеп табышсын да,аны атканга,муну тапканга миллион беребиз деп эле чалкалап жата бербей
22.11.2015. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылмышкерлер велосипед менен качып кетишкен...... болгондо да,милиция кызматкерин атып туруп.. Кыргызстанда адам олтуруу-чымын олтургонго барабар болуп калган.Дагы уялбай "миллион сом"беребиз деп коюшат. "Бир катар чуулуу иштердин бетин ачкан"- деп турат го,ошол иштерге куноолуу адам "заказ"берди да. Билип туруп билмексен болушат.
22.11.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1миллионду уйбулосуно берип озунор ишти уланта бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: