Оштогу учак кырсыгына байланыштуу өкмɵттүк комиссия түзүлүп, өкмөт башчы бардык учактардын техникалык абалын текшерүүнү буйруду
Бүгүн, 22-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Ош аэропортундагы учактын авариялык конуусуна байланыштуу шашылыш жыйын өткөрдү. Темир Сариевдин буйругуна ылайык, өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Анын курамына тийиштүү министрлик, ведомство жетекчилери жана көз карандысыз эксперттер киришти. Комиссияны транспорт министри Аргынбек Малабаев жетектейт.
"Өкмөттүк комиссия кыска мөөнөттө окуя болгон жерге барууга тийиш. Эгерде муктаждык болсо, жүргүнчүлөргө тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын жүктөрүнүн коопсуздугу сакталышы керек. Ош аэропортунун кызматкерлери учуучу аянтты тазалап, учууларды калыбына келтирүүгө тийиш. Ошондой эле аэропорттун ишин аба ырайынын шартына ылайык жөнгө салуу зарыл",- деп белгиледи Темир Сариев.
Премьер-министр комиссияга 10 күндүк мөөнөттө кырсыктын себебин аныктоону тапшырды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, авариялык конуу аба ырайына байланыштуу орун алган. Өкмɵт башчы белгилегендей, учактын конуу аянтынан чыгып кетүүсү боюнча бул биринчи окуя эмес. Ушундай эле окуя үстүбүздɵгү жылдын башында катталган.
"Бактыга жараша, курмандыктар болгон жок. Ошентсе да мындай окуяларга жол берилбеши керек. Өкмөттүк комиссия бул маселени тыкыр иликтеп чыгуусу кажет, биринчи окуяга тийиштүү жана аба ырайына байланыштуу кандай чаралар кабыл алынгандыгы такталышы зарыл. Ошондой эле бардык учактардын техникалык абалы текшерилсин",- деди Темир Сариев.
Ошто учак кантип кырсыктаганын жүргүнчүлөр айтып беришти

