Депутат Садык Шер-Нияз жыйынга келбегени үчүн саламаттыкты сактоо министрин сындады
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз комитеттин 23-ноябрдагы жыйынына келбеген министрлерди сындады. Депутат министрлер парламентти урматтабай жатышканын айтат. Комитет жыйынында: “Эгер министр бошобой калса, анда тиешелүү түшүндүрмө бериши керек. Министр өзү келе албаса, ордуна орун басарын жибериши керек эле”,- деп билдирди депутат.
Комитеттин жыйынына чакырылган министрлердин арасынан саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев себепсиз келбей койгону айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

