10дон ашуун жаш баланы жүк ташуучу унаа менен тойго алып барган айдоочуга 3 миң сом айып пул салынат




Жол-кайгуул кызматы 10дон ашуун баланы Хундай Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен тойго алып баруу боюнча "ЭЛДИК КАБАРга" жооп берди.
Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, аталган унаанын айдоочусу Жол эрежелеринин 22-пунктун (адам ташуу) бузду. "Эгер Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору бул унааны токтотуп калса, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочуга административдик протокол түзүшмөк. Ал эми балдар унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн түшүрүлмөк. Мыйзамга ылайык, айдоочуга болжол менен 3 миң сом айып пул салынмак",- деди Оторов.
Айта кетсек, бүгүн, 23-ноябрда саат 12:30 чамасында окурман жүк ташуучу унаада бараткан ондон ашуун жаш баланы байкап, SUPER.KG порталына ЭЛДИК КАБАР жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
2

тескерисинче, туура кылган. Менин баламды ушундай кылып салдыртпай колчумун. Бул деген опаснооооо...
балдар аз болуп жатса керек да бийлеп турганы :D:D:D:D
Мумкун классжетекчиси уй той кылса кк .........????
Саткын дейсинер, коомдогу мыйзамсыз корунушторду жашырып журуп ушул абалга келдик го... Туура кылат, балдар эмне жук беле, же мал беле? Айдоочунун да, балдардын ата-энелеринин да баштары иштебейт экен.
Балдардын коопсуздугун мамлекет ойлосо бир кичи автобус алып берсин.