super.kg logo

Кыргыз жарандарын "Орусиядан айлыгы 90 миң рублга тең жумуш таап берем" деп алдап, тигүү цехинде 8 миң рублга иштеткен аял колго түштү

 

Кыргыз жарандарын алдоо жолу менен Орусияга алып келип, начар жумуш шарттарында иштеткен аял колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзүн Чыныгүл деп тааныштырган КРнын жараны тигүүчү болуп иштөөгө макул болгон 14 адамды Бишкектен Москвага алып келип, андан соң аларды Ковров шаарындагы тигүү цехинде иштеткен. Ал аял мекендештерине айына 80-90 миң рубль төлөп берүүнү убадалаган.

"Орусиянын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аталган цехке барганда, ишкана ичинен жабык болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери темир эшикти ачканда, цехте КРнын 17 жараны иштеп жаткан, алардын 8и Бишкектен Москвага келген 14 адамдан турган топтон болушкан",- деп билдирет мекеме.

"Цехтин администратору жарандардын паспортторун алып, алардын ар биринен "салык үчүн" деп ай сайын 5 миң рублдан алып турган. Орто эсеп менен тигүүчүлөр айына 7-8 миң рубль акча каражатын колуна алышкан. Мындан тышкары алар начар шарттарда жашашканы жана тамактанышканы анык болду",- деп жазылат маалыматта.

Полиция кызматкерлеринин айтымдарында, тигүү цехинен белгилүү фирмалардын белгилеринин трафареттери жана даяр кийимдер табылган.

"Орусиядагы элчиликтин жана КРнын ИИМинин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери текшерүүлөрдү жүргүзүп, 8 кыргыз жаранына паспортторун кайтарып беришти. Андан соң алар коңшу Москва облусундагы ири тигүү фабрикасына өз ыктыяры менен жумушка орношушту. Калган 9 жаран Чыныгүл аттуу администратор аялдын туугандары жана жакындары болгондуктан, жумушка орноштуруу жардамынан баш тартышты",- деп кошумчалайт элчилик.

Учурда аталган факт Орусиянын ИИМинин Ковров шаары боюнча башкармалыгында катталган, тергөө алдындагы текшерүү амалдары уланууда. Алардын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.11.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башында ойлонуп анан жумушка орношуш керек болчу бироо келип 100мин руб убада кылса кете бербей.
23.11.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким куноолу озулору 80-90 мин десе ишенип келген ойлонуш кк да
23.11.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буран, урмат силер турмушта өтө каттуу ойлонуп ээч адашпайт окшойсунар э. Ар бир адамга инсап берсин.
23.11.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр адамдар оной эле ишендирип коёт. Чыныгул деген адам алдаган болсо керек бааарын.
23.11.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят!!! Мобул мекендештерди: Ушундай акыбалга салып кылып "акча" тапкандан коро ....
23.11.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бироонун акысы буйрубайт да.12 мучосу аман адам 1 сом тапса да оз мээнети менен тапса берекелуу го дейм. Ал эмес майыптар да бироого жугун артпай, колдору жок болсо буту менен да жумуш кылат.Уят аялбашы менен. Бул аялга ылайыктуу да соз таба албадым.
24.11.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дегенде да кичине россияда иштегендерден сураштырып анан келишпейби,ошондои айлык барбы озу,алса болобу деп. Ошончолук айлыктын жарымын алыш да ото кыйын бул жакта
24.11.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атына заты жарашпайт экен да Чыныгул эженин, Калпычыгул болуптур да эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: