super.kg logo

Бишкектин көчөлөрүнө көрк берген граффитилер (фото)

 
Өлкөбүздө стрит-дэнс, битбокс, рэп сыяктуу көчө маданиятынын катарын толуктаган граффитини көпчүлүк өнөрдүн түрү катары кабыл албай келишкен. Ал эле эмес, граффити менен алектенгендер түнкүсүн коомдук жайларга ар түрдүү сүрөттөрдү мыйзамсыз тартып кетишчү.
Калыптанып калган стереотиптерди бузуп, борбор калаага жаңычылдык, кооздук алып келген, тарбиялык мааниси бар граффитилерди тарткан сүрөтчүлөр жок эмес. Алардын катарын бишкектик Сергей Киллер, Евгений Макшаков жана Дмитрий Петровский өңдүү стрит-арт сүрөтчүлөрү толуктайт. Дал ушул сүрөтчүлөрдүн эмгектери Бишкек шаарындагы айрым имараттарга көрк берип келет.
"Бактылуу балдарды мээрим менен гана тарбиялоого болот" деген билдирүү жазылган сүрөт ушул жылдын апрель айында тартылган. Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги ишкананын имаратындагы граффити балдарга карата зомбулукка каршы кампаниянын алкагында тартылган.
Быйыл Балдарды коргоо күнүнө карата сүрөтчүлөр дагы бир эмгегин тартуулашты. Таажы кийип турган кыздын сүрөтүн Сүйөркулов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин дубалынан көрүүгө болот.

Ушул жылдын август айында Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн дубалында океанариумдун граффитиси пайда болгон. Анда эки кит жана аларды көрүүгө келген бала тартылган. Граффитиде "Сенин кыялың жаныңда..." деп жазылган.

Өткөн жылы Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бириндеги үй секелек кыргыз кыздын сүрөтү менен толукталган. Арчалар, ат чаап бара жаткан адамдын элесин граффитинин авторлору үйдүн балкондорун, айнектеринин жайгашуусун эске алып тартып чыгышкан.
2014-жылы сентябрда Бишкек шаарындагы №12-мектеп-гимназиясынын 4 кабаттуу имаратынын дубалына белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу эмгеги заманбап стилде тартылган. Сүрөт түп нускасынан айырмаланып, кыргыз кызы китептин ордуна планшет кармап, кулагына наушник тагып турат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
24.11.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз кызын өзгөрбөгөн бойдон калтырыптыр,заман өзгөрүлүп планшет кармап,наушник тагып алса да.Негедир ойго ар кандай ойлор келет..
24.11.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batma.Sh, ха ха мен да ойлодум еле коруп.
24.11.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
SUPER.KG деп далдайтып жазып койбой, бир чекесине фонду бузбай турган кылып жазса болбойбу ? Жакшылап көрөйүн десең эле, чыга калат агарып.
25.11.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_2,Туратго жакшына эле..Бир чекеге жазса дагы жазмаксынар анысын ким корот деп..
25.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_2, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот, бирок мындан ары сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүп жүрүңүз.
25.11.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен! Мага жакты! Рахмаат, тарткандарга
25.11.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сурот тартканга абдан кызыгам! Эн сонун тартыптыр! Укмуш кооз! Жакты достор!
26.11.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарткан суроттору эн сонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: