super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу маселесин жабык эшик артында талкуулоодо

 

Депутаттар Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу маселесин жабык эшик артында кароону чечишти. Жыйында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов "маселени жабык карайлы" деген сунуш айтып, депутаттардын көбү добуш берүүдө колдоого алышты.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов буга каршы чыгып, ачык талкуу уюштурууну сунуштады. "Элден жашыра турган эмне сырыбыз бар? Биз эмне, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы белек? Баарын ачык талкуулайлы, угушсун, көрүшсүн. Эмне үчүн жабык каралышы керектигин сунуш берген депутат Калмаматов түшүндүрүп берсин",- деди Бабанов.

Түшүндүрмө берилген жок.

Башка депутаттар "Элден чогултулган салыктын эсебинен айлык алабыз. Ошол элдин акчасын жабык эшик артында отуруп алып бөлүшүүгө жол бербейли" дешти.

Бирок жабык талкуулоо сунушу биринчи добушка коюлуп, өттү.

Жыйындан журналисттер чыгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: