super.kg logo

Адвокат: "Иманкул Телтаев №50-СИЗОдо видеокамералар иштебей жатканын ЖАМКтын жетекчилигине айткан болчу"

 

"Иманкул Телтаев №50-СИЗОдо видеокамералар иштебей жатканын, ички курамдын саны жетишпегенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине алдын ала айткан болчу",- деди бүгүн, 25-ноябрда маалымат жыйынында Телтаевдин туугандарынын адвокаты Улан Жумаков.

"ЖАМКтын жетекчилиги Телтаевдин суранычтарына жооп берген эмес. Ошондой эле ЖАМК 1-СИЗОдон 50-СИЗОго 4 адамды которгон. Буга карабастан, ал аскер кызматкери катары өзүнүн милдетин аткарган",- деди адвокат.

"№50-СИЗОдон качууну иликтөө башынан баштап туура эмес жүргүзүлгөн. "Террорчулук" беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандар бул СИЗОдо кармалбашы керек болчу. Бул тууралуу да Телтаев жетекчиликке билдирген. Мындан тышкары ал СИЗОдо ички курамдын санын көбөйтүүнү суранган эле. Тиешелүү каттар колубузда бар. Ал буйрукту аткарган, ошондуктан ага шалаакылык боюнча күнөө тагылышы туура эмес",- деди Жумаков.

Эскерте кетсек, "Телтаев 20-ноябрь күнү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүндө өз шейшеби менен асынып алган" деген маалыматты Жаза аткаруу кызматынан билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.11.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактааа...Деги эмне эле болуп жатат Кыргызстанда?!Баш аламан,коррупциялык олкодо жашоо кундон кунго оор болуп баратат го ээ кыргыз элим?Асынып олду деп "оздору эле" козун тазалашты да муну да.
25.11.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
комментарий кошкондон башка эч нерсе айталбайбыз биринчиден кудайым бешенесине ошону жазган андан кийин чондорго буйруган бирок канчадеген кылмыштар ачылбай калды окунучтуу достор
25.11.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошол сизого кирип-чыгып жургон депутаттардын атын атап бергилечи супер. менимче ошолор решающий адамдар. калгандары просто пешка.
25.11.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телтаевдин асынган абалда жаткандыгын фото-суротко алуулар болгон бекен?
25.11.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chondordun oiundary.Ozdorun jolun achyw uchun kyrgyz elimdi atyp asyp oinoittor
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: