super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдөгү Архив агенттигинин ишин оптимизациялоо маселеси боюнча жыйын өттү

 

Бүгүн, 25-ноябрда премьер-министр Темир Сариев өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ишин оптимизациялоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Маалыматка караганда, Архив агенттигинин тутумунда 65 архив иштейт, анда 1831-жылдан азыркы учурга дейре жалпысынан 4 миллион 300 миң кагаз документ сакталат. Анда сакталган документтердин көлөмү жыл сайын жогорулап, бүгүнкү күндө 18 архивде гана кошумча резервдер каралса, калган 47 архив 100 пайызга толгон.

Буга байланыштуу өкмөт башчы Каржы министрлигине 2016-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу “капиталдык курулуш” беренеси боюнча курулчу объектилердин тизмесин кароодо Архив агенттигинин беш имаратын куруп, оңдоого каражат кароону тапшырды.

"Биз архив жана музейлердеги кыргыздар, мамлекетибиз тууралуу документ жана материалдарды сактоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүүбүз зарыл. Мындан тышкары электрондук өкмөттү ишке киргизүү үчүн электрондук архив болуусу керек, демек, бардык архивдик материалдар санариптик форматка өткөрүлүүсү зарыл. Ошондуктан Тышкы иштер министрлигине, Каржы министрлигине жана Экономика министрлигине Архив агенттигин өнүктүрүү жана архивдик документтерди санарипке өткөрүү борборун түзүү боюнча концепцияны ишке ашыруу үчүн донордук каражат издөө боюнча иш жүргүзүү тапшырмасын берем",- деди Сариев. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматына 2015-2019-жылдарга Архив агенттигин өнүктүрүү боюнча деталдык план иштеп чыгып, бекитүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: