Жогорку Кеңештин 35 депутатына кызматтык батир берилет
Жогорку Кеңештин 35 депутатына кызматтык батир берилет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын депутат Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында маалымдады. Анын билдиришинче, бул 35 батир кызматтык үйгө өтө муктаж болгон гана депутаттарга берилет.
"Биздин фракцияга 7 же 9 гана батир берилет, бирок биз мындан баш тартабыз. 35 батирди ким муктаж болсо, алсын. Ким кандай муктаж болгонун кийин аныктап чыгабыз. Биз албайбыз, биз депутаттык мандатка эле ээ болобуз дегенбиз",- деди Бабанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:22
2026-03-04
14:24
2026-03-04
13:16
2026-03-04
11:00
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















