super.kg logo

Борбор калаада тынчтыкты орнотуу жана чыр-чатактардын алдын алууга багытталган "Биз ар түрдүүбүз. Биз бирдейбиз" аталышындагы көргөзмө өтүүдө (фото)

 

Бишкекте бүгүн, 25-ноябрда "Этникалык теңдикти жана жарандык катышууну илгерилетүү" долбоорунун алкагында "Биз ар түрдүүбүз. Биз бирдейбиз" аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы болду. Ага Бишкек жана Токмок шаарындагы жаштардын эмгектери коюлду.

Долбоордун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарындагы жаштар чыгармачыл топторго биригип, тынчтык, ынтымак, маданий карым-катнаш жана жарандык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө арналган маалымат жана окутуу материалдарын жаратышкан.

Эки жылдык долбоор тынчтыкты орнотуу жана чыр-чатактардын алдын алууга багытталган.

"Тең болуп төрөлгөндөр" деп аталган сүрөттү Бишкек шаарындагы чыгармачыл топтун мүчөсү тарткан.

Бул сүрөттө ар кайсы улуттагы кичинекей балдардын ойноп жатканы чагылдырылган.

"Беш манжа" аталышындагы сүрөт да Бишкек шаарындагы чыгармачыл топко таандык.

Тынчтыктын символу саналган көгүчкөн Жер жүзүндөгү улуттардын биримдигинин алып жүрүүчүсү катары чагылдырылган.

Катышуучулар коомдогу айрым көрүнүштөр боюнча көз карашын сүрөттөр аркылуу билдиришкен. "Акыйкатсыздык" аталышындагы эмгек.

"Коррупция". Бишкектеги чыгармачыл топтун эмгеги.

Бишкектеги чыгармачыл топтун мүчөсү Нуркалы уулу Исанын "Тармакта" аттуу эмгеги.

Бишкектеги чыгармачыл топтун мүчөсү Урмат Кариповдун "Акча баарын чечет" аттуу эмгеги.

"Ар түрдүү экенибизге акцент жасоо керекпи?" темасы боюнча ар улуттун өкүлдөрү бири-биринин улуттук кийимин кийип түшкөн сүрөттөр көргөзмөсүн көрүүгө болот.

Көргөзмөгө улуттар аралык достукту бекемдөөгө арналган сүрөттөр коюлган.

Иш-чара өлкөнүн өнүгүүсүнө жаштарды активдүү катыштыруу, алардын көйгөйүн ачуу, талкуулоо үчүн жаштарды бириктирүү аркылуу этникалык жана диний чыңалууну азайтууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ынтымак үчүн ушундай иш чара өтүп турса тез тез жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: