super.kg logo
  Саясат  

Бишкек-Исфана аба каттамы ачылды

 
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жусубали Исаев менен Мурадыл Мадеминов Баткен облусунун Исфана шаарында өткөн "Бишкек-Исфана" аба каттамынын ачылышына катышты. Бул иш-чарада аталган депутаттардан сырткары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Bishkek-air” авиакомпаниясынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болду. Депутат Жусубали Исаевдин айтымында, бүгүнкү Бишкек-Исфана жаңы авиакаттамы 120 миңден ашуун калкы бар Лейлек району үчүн чоң мааниге ээ. Алгач бул авиакаттам аптасына 3 ирет жүргүзүлмөкчү. Келечекте элдин суроо-талабына ылайык, авиакаттамды күнүгө жүргүзүү жагы караштырылат. Жергиликтүү эл жаңы авиакаттамдын ачылышына ыраазычылыктарын айтуу менен бирге бул каттамды күнүгө жүргүзүү өтүнүчтөрүн билдиришкен. Айта кетсек, бул авиакаттамды SAAW-340 үлгүсүндөгү 33 орундуу учак тейлейт, билет баасы 3500-4000 сомду түзөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: