super.kg logo
  Саясат  

“Адам органдарын трансплантациялоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору менен "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине толуктоо киргизүү каралат. Анда жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилери айтылат.

Мыйзам долбоорун колдоого алган депутаттар учурда бир топ жарандар мындай кадамга муктаж болуп жатканын белгилешти. Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, мыйзам долбоору колдоо тапса, Кыргыз Республикасында мындай операция жасоо чет өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болот.

Соңунда мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: