super.kg logo

Бишкек. Балет жылдыздарынын концерти тез эле бүтүп, 1,5 миң сомго билет алган күйөрмандар концертке "тойбой" калганын айтышты

 

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте дүйнөлүк балет жылдыздарынын концерти орун алды. Иш-чаранын башталышында уюштуруучулар кыргыз балетинин өткөнүн, учурдагысын баяндап, келечекте кандай болор экен деген ойдун тегерегинде сөз сүйлөштү. "Учурда бизде сахна балеттерди, зал күйөрмандарды сагынды" дешти уюштуруучулар.

Концертте Франция, Германия, Түркия, Куба, Бельгия, Эстония, Латвия, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын артисттери өнөрлөрүн тартуулашты. Мунун баары жандуу музыканын коштоосунда болуп, талант ээлери жандуу өнөр көрсөтүштү. Күйөрмандар сахнадагы көрүнүшкө көңүл буруп, алардын чеберчилигине маал-маалы менен дүркүрөтө кол чаап турушту. Концерттин тез бүтүп калганын айрымдар кемчилик катары кабыл алышты. Айрымдар 1,5 миң сомго билет алганын, бирок концертте толук чер жаза албаганын айтышты.






Дүйнөнүн балет жылдыздары Бишкекте

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
27.11.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу биздин кыргыздар созсуз жамандап да кетпесе тынч уктай албагандай. Мага жакты сонун болуптур)) Баргым келди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: