super.kg logo

Ош облусунда диний экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

 

Ош облусунда экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Муну бүгүн, 26-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мусулмандар казыятынын жамааты Кара-Суу районунун аймагындагы мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Анда экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, имамдарга жумалык отчёт берүү тапшырмасы жүктөлдү. Тапшырмага ылайык, имамдар мындан ары коомчулуктун диний сабатсыздыгын жоюу максатында жумасына 3 жолу 10 адамга атайын сабактарды өтөт. Ошол эле убакта сабак учурунда мектеп окуучуларынын мечитке келүүсүнө жол бербөө боюнча эскертилди.

Мындан сырткары жыйында айыл өкмөттөрүнүн жооптуу имамдарынын ишмердүүлүгүнө баа берилип, өз аймагындагы болуп жаткан ар бир көрүнүштүн алдын алуу, Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча ишмердүүлүгүнө жооп берери милдеттендирилди.

Иш-чаранын алкагында Нариман айыл өкмөтүнүн көп жылдардан бери жооптуу имамынын милдетин аткарып келген Эркинбай Каримов ажы ардактуу эс алууга чыгарылып, ыраазычылык баракча менен сыйланды. Ал эми Нариман айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби болуп Толкинбек Халмирзаев дайындалды.

Эскерте кетсек, мындай жыйындар ар бир райондо өткөрүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: