Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз мамлекетинин фонддук биржасы заманбап каржы борборуна айланышы керек"
Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын фонддук биржасынын 20 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Анда президенттик аппараттын бөлүм башчысы Илья Чёрный мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. “Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда баалуу кагаздарды өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору белгиленген. Кыргыз мамлекетинин фонддук биржасы заманбап каржы борборуна айланышы керек”,- дейт президент.
Алмазбек Атамбаев мекеменин мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

