super.kg logo

Ошто Бабараимов жана Артыков көчөлөрү толугу менен оңдолуп, колдонууга берилди (фото)

 

Ош шаарындагы Бабараимов жана Артыков көчөлөрү толугу менен оңдолуп, бүгүн, 26-ноябрда ачылуу аземи болду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен шаардын эң зарыл болгон бир катар көчөлөрүн асфальттоого 125 миллион сом бөлүндү. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, бул каражатка узак мезгилден бери каралбай калган Бабараимов көчөсү, ага удаалаш Артыков көчөсү, Масалиев кең көчөсүнүн Ленинград көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө, Навои көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейинки аралыгына асфальт төшөлдү. Абдыкадыров атындагы көчөнү кеңейтип, асфальттоо иштери жүрүп жатат”,- деп билдирди Кадырбаев.

Бабараимов көчөсүнүн узундугу 0,6 чакырымды, туурасы 10 метрди түздү. Ал эми долбоорлоо-сметалык баасы 14,3 миллион сомго, тендердик баасы 11,2 миллион сомго барабар. Курулуш иштери 2015-жылдын октябрында башталып, бир айдын ичинде аяктады.

Артыков көчөсүнүн узундугу 0,5 чакырым, туурасы 10 метрди түзүп, курулушунун сметалык баасы 4,3 миллион сомду, тендердик баасы 3,8 миллион сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
26.11.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
иии баштабайсынарбы Мээринерди жамандап...
26.11.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aidartegin, жакшыны жаман деп айтпайт эл,сен жон эле отур.
26.11.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmiladka9,Билбейм мусулман бир тууган...Бул адамдын суроту бар жанылыкта эле ,пикирлер каралоо,жамандоо..
26.11.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жол озбектер жакта.
26.11.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы микрорайон?
26.11.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyn01,
вещевой базар жак, райондо.
26.11.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол көчө менен бара жатып көпүрө куруш керек болчу мэрия нары Шай-Дөбөгө чыгып кете турган.
26.11.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабараимов,Артыков деген ким эле,кочонун атын алгыдай инсандар беле.Билгендер айтып койгула.
өзбектердин тууган уруктары окшойт жаман оюмда...
27.11.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол ондолуп жатат буга кубобуз. ФЫамилияга келгенде эле баштайсынар жинди оюнарды. Азыр ар бир кочого атандын, чон атандын ысымын коюуга болот ал учун мамлекет койгон талапты сумманы толоп аткарыцш керек. Ушундан да кыйкым издейсинерби. Ош онугуу жолунда бул да болсо азыркы мэрдин чарбачылдыгы. Азаматсыз Айтмамат мырза
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: