super.kg logo

"Ислам мамлекетин" сындаган дин адиси Кадыр Маликовго белгисиз адам бычак менен кол салды

 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында дин маселелери боюнча адис Кадыр Маликов белгисиз адам менен чырдаша кетип, бычактан жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык милициясынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя саат 20:00 чамасында Асанбай кичи районунда орун алды. "Маликов автоунаасы менен унаа токтотуучу жайдан чыгып бараткан. Ага тоскоолдук жараткан унаага үн сигналын бергенде, айдоочу баш бербей койгон. Андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, айдоочу Маликовго карата бычак колдонгон. Жыйынтыгында Маликов бетинен жаракат алган. Анын абалы туруктуу. Учурда ооруканада медициналык жардам алууда. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышты. Маликовго кол салуу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Учурда кылмышка шектүү жаран изделүүдө",- дешти мекемеден.

Айта кетсек, ислам динине арналган тегерек столдордун биринде Кадыр Маликов “Ирак жана Левант мамлекети” кыймылы демократияга жана адилеттикке ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган” деген пикирин айткан. Эртең, 27-ноябрда ал "Террорчулук менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек?" деген темага арналган маалымат жыйынын өткөрмөк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
26.11.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын сизди. Аман болунуз.
26.11.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмне эле болотабыз туугандар, бири бирибизди токмоктоп, зордуктап, бычыктап, аткылап. Токтотойлучу терс нерселерди. Көчого чыккандан коркосун го эми
26.11.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироого тайманбай суйлоштон коркуп калат экенбиз да эми.Жакшы адам аман болунуз.Бизде качан тартип болот?
26.11.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты дин таануучу деп билем, тезирээк жакшы болуп кетиңиз...
26.11.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХ ХХХ ХХХ... деп койдум да мен ))
Модератор admin_portal түзөттү 2015-11-27 11:41:41
27.11.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur-patriot - эскертүү!
Талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
26.11.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандагы эн билимдуу теолог.
26.11.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кадыр Маликов ИГ кыймылы мусульман эмес,алар жон эле террористер деп айткан созу болчу. Менин ойумча бул заказной трюк. Бир манкурту месин чайкап ушу ишке жонотушконго окшоп турат.
27.11.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпасын берсин.
28.11.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Milici9 kunoluu deveisinerbi
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: