super.kg logo

"Көпөлөк" тасмасынан тагдырына таарынып, жашоодо жаңылган кыздын сүйүүсүн жана күйүтүн көрүүгө болот (фото)

 
Малика Абдразакова менен Нурлан Акматбеков.

Бишкекте "Көпөлөк" аттуу тасманын бет ачары өттү. Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев: “Акыркы убакта фильмдин аталышы боюнча көп суроолорду берип жатышат. Тасма кызыгуу жаратыш үчүн ага туура аталыш тандоо дагы маанилүү. Аталышын тазалык, назиктиктин символу катары "Көпөлөк" деп койдук. Коомчулукта "көпөлөк" деген сөзгө байланыштуу жаман пикир калыптанып калыптыр, балким, биздин тасмадан кийин көпчүлүктүн көз карашы өзгөрөр”,- деди.

Фильм драматург Керез Зарлыкованын чыгармасынын негизинде тартылган. Тартуучу топ менен иштешүү жагымдуу көз ирмемдерди тартуулаганын белгилеп: “Чыгарманын аталышы “Конгон көпөлөк” эле. Бул боюнча Кыргыз драма театрынын артисттери спектакль коюп, бир топ ийгиликтерди жаратышкан”,- дейт Керез Зарлыкова.

Башкы каармандардын ролун жараткан Малика Абдразакова менен тасмада анын жолдошунун ролун аткарган Нурлан Акматбеков кастинг аркылуу тандалышкан.

Жашоодо туура эмес жолду тандап, түрдүү сыноолорго туш болгон кыздын образын ачып берген Малика быйыл мектепти бүтүргөн. Учурда актрисалык жолду тандап, жогорку билим алып жатат. “Кино тартылып, бет ачары бүткөндөн кийинки нес абалдан чыга элекмин. Туугандарым колдоп жатышты”,- деп толкунданып жатканын жашырган жок.
Тасмадагы Айтолкундун эжеси Сонунбүбүнүн ролун актриса Альбина Имашова жараткан. Терс каармандын ролун ойноого ага Керез Зарлыкова сунуштаганын айтат. Ал эми Айтолкунду сүйүп калган үй-бүлөлүү ишкердин ролун Азиз Мурадиллаев жараткан.

Тасмадагы Айтолкун кичине кезинде ата-энесинен ажырап, жаштыгын кайдыгерлик менен өткөрөт. Айрым адамдардын мамилесинен жапа чегип, таарынычын айланасындагы адамдардан чыгарат. Бир күнү балалык сүйүүсү Эрланга кезигип, жашоого болгон мамилеси өзгөрөт. Бирок Айтолкундун мурдагы каталары аны оңой менен коё бербейт. Чыныгы маселе мына ошондо башталат. Айтолкун бактылуу өмүр сүрүү үчүн кандай жолду басып өткөнүн тасмадан көрүүгө болот.






Тагдыры оор кыздын жашоосу чагылдырылган "Көпөлөк" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.11.2015. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ошондо "Тунку кополокбу")))
27.11.2015. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Neizvestno777,ошону айтып жатпайбы (тунку кополок ) кополок деген атты булгаптыр. Биздин кополок ал атты тазартат деп жатат. Демек тасмада сойку эмес бирок назик кыздын тагдыры чагылдырылган.
27.11.2015. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Супер Инфо биринчи беттеги аба ырайы менен акчанын курсу жазылган графаны кайда жок кылдынар? Ордуна койуп койгулачы сураныч.
27.11.2015. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altunai.79, ошодаа. озубуздун нигибизди да алып салыпсынарго ошол катардан супер инфо? мурдагы жайына койгулачы
27.11.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altunai.79, ооба менда ошону тапбай жатбаймбы
27.11.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altunai.79, Aiko_92_29_08, aiturgasha, саламатсыздарбы!
Учурда баары өз ордуларында.
Медиа-портал
30.11.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutobuz
SUPER.KG видео
04.12.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын жигити эмесби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: