super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт жаш үй-бүлөлөрдү колдоо аракетин күчөтөт" деди Темир Сариев

 

"Демографиялык өнүгүүнү камсыздоо үчүн эне менен баланын саламаттыгына кам көрүү, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо - өкмөттүн негизги иштеринин бири. Бул боюнча ишти дагы күчөтөбүз",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 26-ноябрда өлкөнүн 6 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө арналган салтанатта.

Сариев 6 миллионунчу жарандын төрөлүшү менен кыргыз элин куттуктап, ымыркайга чың ден соолук тиледи.

Кыргыз мамлекетинин негизги байлыгы адамдар экенин белгилеген премьер өкмөт мамлекеттик ипотекалык компания түзүп, жаш үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо үчүн төмөнкү пайыз менен насыяларды берерин айтты.

"Дүйнө калкынын саны менен салыштырганда 6 миллион абдан эле аз. Бирок “адамдын улуулугу бою менен, элдин улуулугу саны менен аныкталбайт" дегендей, биз ар бир жараныбызга, айрыкча жаштарга сапаттуу билим берүү менен мамлекетибизди эң кубаттуу, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга мүмкүнчүлүгүбүз бар",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: