Президент Куралдуу күчтөрдү реформалоодогу жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча жыйын өткөрдү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-ноябрда Куралдуу күчтөрдү реформалоодогу жүргүзүлгөн
иш-аракеттер боюнча жыйын өткөрдү. Ага Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Башкы штабдын башчысы Жаныбек Капаров жана Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Катышуучулар Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы, улуттук коопсуздук жана өлкөнү коргоо жөндөмдүүлүгү боюнча маалымат беришти. Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү реформалоо жаатындагы комплекстүү иш-чаралардын сапаттуу болушу маанилүү экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

