Аламүдүн жана Ала-Арча каналдарында тазалоо жана жээктерди бекемдөө иштери жүрүүдө (фото)





Аламүдүн жана Ала-Арча каналдарында тазалоо жана жээктерди бекемдөө иштери жүрүүдө. Муну бүгүн, 27-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иштин жүрүшү менен Октябрь районунун акими Болот Алымкулов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган район боюнча жетекчиси Максатбек Жаныбеков жана жергиликтүү администрациянын адистери таанышып чыгышты.
Учурда каналдарды тазалоого ӨКМнын атайын техникасы: 1 бульдозер, 1 экскаватор, 2 жүк ташуучу унаа тартылган. Мындан тышкары “Жашылдандыруу” ишканасынын жумушчулары жардам беришүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.