27-29-ноябрь күндөрү "Лидер" жаштар клубунун активисттери социалдык долбоордун алкагында иш-чара өткөрүшөт
Бишкекте 27-29-ноябрь күндөрү "Лидер" жаштар клубунун активисттери социалдык долбоордун алкагында иш-чара өткөрүшөт. Ага борбор калаадагы жогорку окуу жайларда билим алган студенттер, жаш жеткинчектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана бардык каалоочулар катыша алышат.
Катышуучулар кызыктуу оюндар аркылуу бири-бири менен маалымат алмашышат. Лидерлик боюнча тренинг өтүп, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дагы ийгилигинин сыры менен бөлүшөт. "Дос кандай болуш керек?" деген темада театрлаштырылган көрүнүштөр коюлат. Ошондой эле катышуучулар сүрөт тартып, таланттарын тартуулашат. Мындан сырткары сүрөт көргөзмөсү өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.