super.kg logo
  Саясат  

Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

 

Коррупция боюнча айыпталышкан экс-чиновник Данияр Нарымбаев 3 жылга, мурунку депутат Хажимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Соттолгондор күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөшүп, экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланат.

Эркинен ажыратуу мөөнөтү аларды камакка алуу күнүнөн тарта эсептелинет. Ошентип, Х.Коркмазовдун мөөнөтү 2015-жылдын 15-июлунан тарта, Д.Нарымбаевдики 2015-жылдын 22-июлунан тарта башталат. Алардын буга чейин СИЗОдо өткөргөн ар бир күнү эки күн катары эсептелинет.

Нарымбаевдин жактоочулары сот чечимине макул эмес жана кийинки инстанцияга арызданышарын билдиришти.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

Прокурорлор Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: