super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков менен Казакстандын парламент төрагасы кызматташтыктын абалын талкуулашты

 

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 26-ноябрда Казакстандын Парламент мажилисинин төрагасы Кабибулла Жакупов менен жолугушту.

ЖКнын маалымат кызматына таянсак, жолугушууда Жээнбеков бардык деңгээлде эки тараптуу мамилелердин активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө стимул берүүчү парламенттер аралык байланыштардын эки жана көп тараптуулугуна оң баасын берди.

Кыргыз өлкөсүнүн кыска убакыт аралыгында Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна көрсөткөн колдоосуна жана өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүндөгү иш-чараларды аткарууга көрсөткөн каржылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биздин мамлекеттерге кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге жеңил ыңгайлашуусу үчүн Казакстан тараптын 100 миллион доллар бөлүшү боюнча эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген макулдашууну жакынкы аралыкта ишке ашыруу өтө маанилүү”,- деди Жээнбеков.

Жакупов Кыргыз Республикасы биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөргөнүн айтты.

“Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоонун таза өткөнүнө дүйнө коомчулугу күбө болду. Ал эми сиздин кайрадан Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышыңыз сизге дагы бир ирет жогорку ишеним, жоопкерчилик артылганын айгинелейт. Бул өз кезегинде парламенттер аралык кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт”,- деди спикер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: