"Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!", "Кызматтагы роман" аттуу тасмалардын режиссёру Эльдар Рязанов 88 жашында көз жумду



"Карнавал түнү" тасмасынан көрүнүш.

"Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!" тасмасынан көрүнүш.

"Кызматтагы роман" тасмасынан көрүнүш.
Советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург, продюсер Эльдар Рязанов 30-ноябрга караган түнү дүйнө салды. Ал дем алуу органдарындагы ооруга байланыштуу 21-ноябрда ооруканага жаткырылып, 29-ноябрда абалы кескин начарлап кеткени белгилүү болгон. Аны жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырышканы менен, режиссёр дүйнө салган.
Эльдар Рязанов 1927-жылы 18-ноябрда Самарада туулган. С.И.Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык кинематография университетине тапшырып, 1950-жылы "Алар Москвада окушат" аттуу дипломдук иши менен университетти аяктап, көптөгөн документалдуу тасмаларды тарткан.
1955-жылы "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болуп дайындалып, "Жазгы үндөр" аттуу ревю-тасмасын койгон. Бир жылдан кийин "Карнавал түнү" кинокомедиясын тарткан. Э.Рязановдун "Италиялыктардын Орусиядагы укмуштуудай окуялары", "Арыз китебин бергиле", "Унаадан сак бол", "Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!", "Кызматтагы роман" аттуу тасмалары ийгиликтүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
omka100514

30.11.2015. 08:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн мыкты кино жаратуучу, "Кызматтагы роман" киносун коруудон эч тажабайм!
aydarov...

30.11.2015. 08:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
Azim.00kg

30.11.2015. 08:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Мыкты режиссёр
Aika96

30.11.2015. 10:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты кинорежиссер, мыкты инсан эле... Жаткан жери жайлуу болсун...
ulanium90

30.11.2015. 10:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Тагдырдын тамашасы" деген киносуз жаны-жыл отпойт. Кайталангыз талант. жаткан жери бейиште болсун!
dubai

30.11.2015. 11:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу инсан,мыкты талант эле...жаткан жери жайлуу болсун,артында очпос из калтырып кетти.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.