super.kg logo

Борбордогу кичи базардын жабылышына байланыштуу соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты

 

Бүгүн, 30-ноябрдагы маалымат жыйынында "Айчүрөк" кичи базарында соода кылган Айгүл Муканбетова бийлик өкүлдөрүнө кайрылып: "Биз түшүнүп жатабыз, бирок бизди деле түшүнүшсүн да. Базардын жетекчилиги "кеткиле же "Айчүрөк" соода борборунун ичине киргиле" деп жатат. Ал жерде 12 чарчы метр аянттан ашык берилбейт. Биз Түркиядан, Кытайдан товарларды алып алганбыз, аларды кайда коёбуз? Бир-эки айдан бери барбаган жерибиз калган жок. Иштебей турган ресторандар бар, ошол жерлерге унаа токтоочу жай курушсун. Мамлекет башчынын "чакан ишкердикке тийбегиле" дегени бар эле",- деди ал.

Соодагерлер базардын жабылышын токтотуу боюнча эл өкүлдөрү Ө.Бабанов менен Д.Бекешевге жана өлкө башчы А.Атамбаевге жардам сурап кайрылышты. "Базар жабылса көптөгөн адамдар жумушсуз калышат, биз ушул жерде соода кылып, өзүбүз үчүн жумуш ордун түзгөнбүз. Бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурайбыз. Талаптарыбыз менен тынч митинг өткөрөбүз",- дешет соодагерлер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.11.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми шаардын Чак ортосунда базар болгонун туура эмес болок жерден орун берсин да
30.11.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбайевдин бир оюну болуп ататда бул жерде Жерлерди алабыз дейт кайра берет ошентип жакшы корунот анан шайланыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: