super.kg logo

"Жаңы жылга чейин Ошто күчтүү жер титирөөлөр болбойт, бирок 2018-2020-жылдары 9 баллдык силкинүүлөр орун алары күтүлүүдө" дейт эксперт

 

Быйылкы жылдын 17-24-ноябрь күндөрү өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөөлөр катары менен орун алып, ондогон үй-бүлөлөр үйсүз калды. Эми алар чатырларда жашап кышты өткөрүүгө мажбур...

Тактап айтканда, жер титирөөлөрдүн кесепеттеринен Ош облусу жана Ош шаары боюнча 3142 үй зыянга учураган. 11 үй толугу менен жараксыз абалга келип, 402 үйгө жана 21 социалдык объекттин имаратына 4-даражада зыян келтирилген. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге 10, 30 орундуу 231 комплект чатыр жеткирилген.

Эл арасында "декабрдын ичинде дагы катуу жер силкинүүлөр болот" деген кептер тарап жатат. Мындай кооптонууга канчалык деңгээлде негиз бар экенин билүү үчүн SUPER.KG порталы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун божомолдоо бөлүмүнүн жетекчиси Эрнест Мамыров менен маек курду.

"2018-2020-жылдары өлкөнүн түштүк аймагында күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөөлөр болору күтүлөт"

- Өлкөнүн түштүк аймагында ноябрь ичиндеги жер титирөөлөрдүн орун алышы алдын ала белгилүү болгон. Бирок так качан, кайсы күнү, саат канчада болорун аныктоого мүмкүн эмес эле. 2016-жылы да жер силкинүүлөр быйылкыдай деңгээлде болот. Ал эми 2017-жылы сейсмологиялык активдүүлүктүн деңгээли жогорулап, 2018-2020-жылдары өлкөнүн түштүгүндө күчү 8-9 баллга чейин жеткен зилзалалар болору күтүлүүдө. Муну биз дагы терең изилдеп, так божомолдорду айтып беребиз...
2020-жылдан кийин аталган деңгээл түшө баштайт.

Эң коркунучтуу жерлер болуп кыргыз-кытай жана кыргыз-тажик чек ара аймактары саналат. Тилекке каршы, биздин сейсмологиялык станцияларыбыз аз. Объективдүү маалымат алуу жана тажрыйба топтоо үчүн көбүрөөк станциялар керек. Айрыкча түштүк аймакта.

"2018-2020-жылдары түндүк облустарда жер титирөөлөрдүн күчү 6 баллдан ашпайт"

- Ал эми өлкөнүн түндүк аймагында 2018-2020-жылдары боло турган жер титирөөлөрдүн күчү 5-6 баллдан ашпайт.

Азырынча 6 баллдык силкинүү так кайсы жерде болорун аныктай элекпиз. Биз жыл сайын жер титирөөлөр болчу жерлердин графиктерин түзүп турабыз. Кийинки жылы жаңы графикти түзүп, түндүктөгү жер силкинүүлөр боюнча болжолдуу маалыматтар белгилүү болот.

Мындан тышкары түндүк аймакта курулуштун сапаты жакшыраак. Түштүк аймакта үйлөрдүн 70 пайызы бышпаган кыш менен курулган. Жер силкинүүнүн күчү 6-6,5 баллга жеткенде мындай турак жайларда жарака кетет. Күчү 7 баллга жеткенде кулайт.

"Иттер, жыландар, чычкандар жер титирөөлөрдүн болорун сезе алышат"

- Жер титирөө бир заматта жаралбайт. Көп убакыттын аралыгында жер астындагы процесстердин жыйынтыгында топтолуп чыгат. Маселен, жер астындагы суулардын деңгээлинин өзгөрүшүн байкап, жер титирөө болорун алдын ала билүү мүмкүн.

Жер титирөөнүн болоруна бир нече саат калганда адамга көрүнбөгөн жана сезилбеген шоолалануулар байкалат. Айрым жаныбарлар, иттер, жыландар, чычкандар бул шоолаларды сезе алышат. Мындан улам алар тынчсыздана башташат. Мисалы, 1989-жылдын март айында Таш-Башатта күчтүү жер титирөө болгон. Жер титирөөгө аз калганда үйдүн алдындагы чычкандар, жыландар суукка карабай сыртка качышкан. Ошентип жашоочулар аман калышкан.

Японияда жер силкинүүлөр көп болот эмеспи. Япониялыктар жер титирөөнү сезе билген балыктын бир түрүн табышкан. Жер силкинүүнүн алдында бул балыктар ары-бери тез сүзө баштайт экен.

"Жер титирегенде дүрбөлөңгө түшпөш керек"

- Жер силкинүүнү турак жайдын жогорку кабаттарындагы жашоочулары астынкыларга салыштырмалуу жакшыраак сезишет. Жер титирегенде дүрбөлөңгө түшпөш керек. Айрымдар тезирээк ылдый түшүү үчүн лифтке киришет. Эч качан мындай кылбаш керек, анткени лифт жарым жолдо токтоп калышы мүмкүн. Эшиктин кашегинин алдына же столдун, керебеттин астына жашынса болот. Ошондой эле керебеттерди айнектердин жанына койбоо зарыл. Жер титирегенде айнектер адамга чачырашы мүмкүн.






Эксперт: "2018-2020-жылдары өлкөдө күчтүү зилзалалар болору күтүлөт"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(20)
01.12.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы эмне дейт адамды коркутуп,ансыз да коркуп жашап жатканда.2018-2020 Россияга барып турат окшойбуз анда эле.
01.12.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bolotbai3, сибирге келгиле менин жаныыма, сибирде болбойт
01.12.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik2103, сибирде жер тонуп калган титиребейт дейсинби?
01.12.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bolotbai3,Жараткандан тынчылык! Тилейли! Эч жакка качпай!!!
01.12.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын.
01.12.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы маалымат
01.12.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
эми бир алла билет качан болот качан болбоорун аллах кудуреттуу!
01.12.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мыкты маалымат болуптур. Чын эле үйдү кирпич менен тургузуп арматура менен бурчтарын куюш керек цементтеп.
01.12.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын. Кудайдын буюрганындай болот. Элибизде тынчтык болсун.
01.12.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай билет
01.12.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эксперт Кудай беле, канча балл жер титирегенин билип койгудай...
01.12.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы мне деп коркута башташты,откондо эле биз эмес эн кучтуу деген япондор да алдын ала билбейт дешпеди беле
01.12.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын болбой эле койсун
01.12.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Msto005571, провокация жаратпаңыз! 2 күн БАН!
alina79, sagyn91, жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү!
01.12.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла билет баарын кимди алып кимди койорун.
01.12.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун болдуго 12:30чамасында
Токтогулда
01.12.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах озу сактасын анан ниетибизди туура кылганга аракет кылышыбыз керек божомолдоп болот экен дейберсек болотта периштелер ар бир ниетибизге оомин дейт
01.12.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун да болду кудай озу сактасын, аябай корктум чындыгында.
02.12.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ кана мен жазган комментарий
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: