super.kg logo

Ош. 3 айда 126 билим берүү кызматкери кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүү максатында курстарга катышты

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтүшүүдө. Акыркы үч ай ичинде 2 директор, 112 мугалим, 3 бала бакча директору жана 9 тарбиячы, жалпысынан 126 билим берүү кызматкери өз билимин өркүндөтүү курсуна катышкан.

Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, билимин өркүндөтүү боюнча Ош мамлекеттик университети менен да тажрыйба алмашуу максатында 19 мугалим семинар-тренингге катышып келген. Окуунун негизги максаты - педагогикалык адистердин кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу жана билимин өркүндөтүү.

Билимин тереңдеткен мугалимдер жана тарбиячылар мектептерде, бала бакчаларда ачык сабактарды жана семинар-тренингдерди өтүшүүдө.

Эскерте кетсек 2015-жылдын сентябрь айында 480 сааттык программа боюнча 392 башталгыч класстын мугалимдери семинар-тренингге катышты. Ал эми октябрь айында предметтер боюнча 52 мугалим өттү. Ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери тарабынан да ар түрдүү пайдалуу семинарлар менен бирге усулдук жардамдар мугалимдерге берилип келүүдө.

“Мугалим тынымсыз изденүүнүн үстүндө болууга тийиш. Билимин жогорулатып турбаган мугалим суусу шар акпай, балыр баскан тайыз дайрага окшош. Улам жаңыланып туруудан артта калбашыбыз керек”,- деп билдирди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: