super.kg logo

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата жаштар флешмоб өткөрүштү (фото)

 

Борбор калаада студенттердин катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү белгиленди. Иш-чараны Свердлов райондук администрациясы шаардык СПИД борбору менен биргеликте уюштурду.

"20-кылымдын чумасы аталган СПИДге каршы күрөшүү максатында өткөрүүдөбүз. Муну менен катар ушул ооруга чалдыккан адамдарга көмөк көрсөтүп, ишеним берип, биз менен бирге толук кандуу турмушта жашап кетишине көңүл буруп жатабыз. Мындан ары таралышына бөгөт коюшубуз зарыл. Ал үчүн вирусту жуктуруп албоо чаралары тууралуу маалымат берип жатабыз",- дейт райондук администрациянын башчысы Айнагүл Чалабаева.

Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин, 1988-жылы жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: