super.kg logo
  Саясат  

11 айда күз-кыш мезгилине даярдыкка республикалык бюджеттен 4,8 миллиард сом бөлүндү

 

2015-жылдын январь-ноябрь айларында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 4 миллиард 885,8 миллион сом бөлүндү. Бул суммадан жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 миллиард 722,2 миллион сом жумшалды, анын ичинен «Кыргыз коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасына 1 миллиард 617,2 миллион сом, «Ош ЖЖИ» муниципалдык ишканасына 105 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн мезгилде «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун бюджеттик ссудаларынын жалпы көлөмү 1 миллиард 550 миллион сомду түздү. Бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газынын акысына сарптаган чыгымдары 975,3 миллион сом болду.

Республикалык бюджеттин көмүр камдоого сарптаган жалпы чыгымдары 209,4 миллион сомду түздү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржыланган уюмдар үчүн көмүр камдоого 178,2 миллион сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн көмүр камдоого 31,2 миллион сом жумшалды. Республиканын алыскы, бийик тоолуу райондорунда жашаган калкка электр энергиясына компенсация төлөп берүүгө 120,3 миллион сом бөлүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: