super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы көчөнү оңдоо иштери бүгүн аяктайт

 

Бүгүн, 2-декабрда Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров көчөсүнүн оңдолушу тууралуу “ЭЛДИК КАБАРга” №21-Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Абдыганы Турдукулов түшүндүрмө берди. Анын айтымында, аталган көчөнү толук оңдоп-түзөө иштери бүгүн аяктайт.

“Учурда Абдыкадыров атындагы көчөгө жол белгилери түшүрүлүүдө. Ал эми жолдун кээ бир өйдө-ылдый болгон жерлерин подрядчиктер оңдошот. Азырынча атайын комиссия аткарылган жумуштун сапатын текшерүүгө ала элек”,- деди жетекчи.


Турдукулов жолду оңдоого бөлүнгөн акча каражатынын көлөмү тууралуу да маалымат берди. “Аталган көчөнү оңдоо иштерин 2015-жылдын 30-октябрында баштаганбыз. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тапшырмасы боюнча оңдоо иштеринин сметалык баасы 25 миллион сомго барабар болчу. Бул акчанын 3 миллиону гана бөлүндү. Подрядчиктер өз акчасына иш жүргүзүшүүдө. Жалпысынан жолду оңдоо иштерине 19 миллион 900 миң сом жумшалды",- деп маалымдады Турдукулов.

"Рыспай Абдыкадыров атындагы көчө башынан аягына чейин оңдолду. Анын узундугу 1 чакырым 375 метр, ал эми туурасы 9-12 метрден 12-16 метрге чейин кеңейтилди”,- деп кошумчалады чиновник.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
02.12.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол эн начар качествада эптеп нары бери томи жери кылгандары корунуп туратко. Кылганга жараша сапаттуу кылсалар болот
02.12.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kirgizstan,ошо кылганды айтпайсынбы.Эптеп болсо да чанын чыгарбай. Анан алдыгы кочонун атын дагы жакшылап илип койсонор жакшы болмок экен.
02.12.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул жолго туну журсо машинанын фарына жолдун начар сапатта екендиги билинип турат.мен азыр эле ал кочо менен оттум,0жол ото начар саппатта,ушул жолдорду оштогу супер инфонун кабарчысы болсо ушул жол боюнча макала даяардап жарыяласа жакшы болмок.Эмне себептен ушундай начар саптатта бутуп калганын билиш керек.Жазгы жамгырда бул жол талкаланып кетет.
02.12.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жазгы жамгырга жетеби же эртен эле кар жааганда атала болуп жатып калабы, ай ким билет ким билеееет
02.12.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстей албай жатам кайсы жердеги кочо?
02.12.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минтранс ото чабал иштеп жатат, онор эмес акча болунду бюджеттен ошону да эептей албай комиссиядан отпой калып кайра-кайра ондоп жатышат. Козомолго алса болмок же мэриянын жолдор башкармалыгына откоруш керек ептей албаса
02.12.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тендердин пайласы. Эн арзан баа, сапатсыз. Негизи тендерди жок кылыш керек ошондо сапатту болмок талап да жогоруламак.
02.12.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кочо Черёмушки районунда. Чыныда туну отсон фардын жарыгында баары ачык эле корунот. Супер сиздер барып текшерип корсоздор болот.
02.12.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынын айтканда озбек туугандар жашаган кочолор жакшы ондолуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: