super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жашаган 10 мекемеге акчалай жардам көрсөттү

 

Президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жашаган 10 мекемеге жардам катары 7 миллион 117 миң сом бөлдү.

Президенттик аппараттан бүгүн, 2-декабрда билдиришкендей, аталган типтеги мекемелерге керектүү тиричилик жабдууларын алууга 6 миллион 163 миң сом, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө 954 миң сом бөлүндү.

Акчалай жардамдын сертификаттарын тапшырган президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өлкө башчынын атынан социалдык мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине жасаган иштери үчүн ыраазычылык айтты. Калкты социалдык коргоо маселеси Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясына камтылганын белгилеп: "Элди социалдык жактан камсыздоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жакшы жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл",- деп билдирди.

Мекеме башчылары каржылык колдоо көрсөткөнү үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдиришкени айтылды.

Акчалай жардам алган мекемелер:

Ак-Суу аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Жайыл аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Покровка турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык колдоо реабилитациялык борбору, Сокулук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды реабилитациялоо борбору, Токмок №1, №2-психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелери жана Шопоков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жашаган балдар үйү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: