super.kg logo
  Саясат  

Ишкерлердин укуктарын коргоону жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңештин жыйынында “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экономика министри Арзыбек Кожошев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору ишкерлердин укуктарын коргоону жогорулатуу, коррупциялык механизмдерди алып салуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Талкууда дагы бир маселе текшерүүнүн түрлөрүн кыскартууга пландан тышкаркы текшерүүнү алып салуу же калтыруу маселеси болду. Кожошевдин айтымында, кимдир бирөө арыз менен кайрылган учурда ишкерди пландан тышкаркы текшерүү нормада каралган. Депутат Алмамбет Шыкмаматов пландан тышкаркы текшерүүнү алып салуу керектигине токтолду. Анын билдиришинче, айрым органдар жасалма кайрылуу жазып, анын негизинде себепсиз текшерүүгө алышат.

Жыйынтыгында “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: