super.kg logo
  Саясат  

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

 

Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасаган “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда добуш берүүгө жиберди.

Касымалиевдин айтымында, "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамда лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөмдөрдөн суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине түшө тургандыгы белгиленген. Ошону менен катар эле Кыргыз Республикасынын аймагында айылдык аймактарга жана шаарларга тиешелүү болбогон аймактарда жайгашкан пайдалуу кен чыккан жерлер бар. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору аркылуу, эгерде лицензияланган аймак же анын бөлүгү айылдык аймактардын жана шаарлардын чегине кирбесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү республикалык бюджетке чегерүү каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: